rus
eng
О компании Безопасность и экология Динамика цен на продукцию Для Клиентов и Партнеров
Новости
КПК ЖАКнун Президенти Максутов Нурлан Болушбековичтин куттуктоосу

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын ыйык майрамы - Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Ибрахим пайгамбар негиздеп кеткен бул майрам мусулман динин тутунган жер жүзүндөгү бардык адамдар үчүн куттуу, мааниси терең улук күн жана чоң майрам болуп эсептелет.

Курман айт майрамы - адилеттүүлүккө, тынчтыктын салтанатына ишеним жараткан, абийир жана акыл эс менен жашоого үндөгөн, кайрымдуу жана боорукер болууга, жаратмандык эмгек менен жашоого чакырган куттуу, жарык үй-бүлөлүк майрам.

Бул күнү мусулмандар курмандык чалышып, Жараткандан аманчылык, узак жашоо жана башка аруу тилектерди суранышат.

Бул жашоодон өтүп кеткен ата-бабалардын арбактарына куран окушуп, башкаларга кайрымдуулук көрсөтүшөт, жан-дүйнөсүн тазалоого умтулушат. Жакшы ниет-тилектер менен чалган курмандыгыңыздар кабыл болсун.

Үй бүлөңүздөргө кут береке конуп, ойлогон ой максаттарыңыздар орундалсын. Эмгекчил, сабырдуу каcиеттүү калкыбыздын бардык каалоо-тилектери ишке ашып.

Кереметтуу жерибиз Кыргызстаныбызда дайыма тынчылык, аманчылык жана жакшылык болсун.


Курман айт майрамыңыздар кут болсун!


Максутов Нурлан Болушбекович

"Кыргыз  Петролеум Компании" ЖАКнун Президенти