rus
eng
О компании Безопасность и экология Динамика цен на продукцию Для Клиентов и Партнеров
Новости
Кыргыз Республикасынын нефти жана газ өндүрүчүлөрүнүн сентябрь айындагы кесиптик майрамына

Кыргыз Республикасынын нефти жана газ өндүрүчүлөрүнүн сентябрь айындагы кесиптик майрамына жана «Кыргыз Петролеум Компании» ЖАКнун 22 жылдыгына карата жетекчилик жана профсоюз уюму тарабынан майрамдык кече уюштурулду. Майрамдык кечеде КПК ЖАКнун Президенти Максутов Нурлан Болушбекович баардык кызматкерлерди жана келген конокторду кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, ишкананын азыркы учурда аткарылып жаткан иштери жана өткөн жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди. Ал эми кечеге келген коноктор «Кыргызнефтегаз» ААК нун төрагасы, орун басары, директорлор кенешенин төрагасы жана мүчөлөрү, КПК ЖАК нун жетекчилигине, кечеде олтурган бардык кызматкерлерди куттукташып, иштерине ийгилик жана Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө мындан арыда салымдарды кошо беришин каалап, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ишкананыны экономикалык жана өндүрүштүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн. КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин, КРӨ нүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун, КРӨ нүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, «Кыргызнефтегаз» ААК нун, КПК ЖАК нун мактоо баракчалары, Алкыштар менен жалпысынан отуз тогуз адамга сыйлыктар тапшырылды.