rus
eng
О компании Безопасность и экология Динамика цен на продукцию Для Клиентов и Партнеров
Новости
«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК нун мамлекеттик, муниципалдык жана коомчулук менен байланыш тармагында иштер алып барылууда

«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому мамлекеттик, муниципалдык жана коомчулук менен байланыш тармагында айрым иштер аткаруу боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-февралындагы №66 буйругун аткарууга алып, «Кыргыз Петролеум Компании» ЖАКу тарабынан жаз айларында ар түрдү бак-дарактын 62 даана көчөттөрүн ишкананын аймагына отургузулуп, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыру иштери такай көзөмөлгө алынып келүүдө. Ал эми санитардык абалды жакшыртуу максатында он дана таштанды салуучу кутучаларды даярдалып, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мектептерге жана бала бакчаларына таратылып берилди. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында жайгашкан «психоневрологиялык балдар интернат-үйүнө» колдоо көрсөтүү максатында  «КПК» ЖАКму тарабынан акчалай жардам берилди.