rus
eng
О компании Безопасность и экология Динамика цен на продукцию Для Клиентов и Партнеров
Новости
«Кыргыз Петролеум Компании» жабык акционердик коомунун аймагында өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында окуу өткөрүлдү.

«Кыргыз  Петролеум Компании» жабык акционердик коомунун  аймагында өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, КПК ЖАКнун Саламаттыкты, айлана-чөйрөнү жана коопсуздукту сактоо бөлүмү тарабынан Жалал-Абад шаардык озгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрткө каршы кызматы менен биргеликте окуу өткөрүү уюштурулуп, өндүрүштүк аймакта өрт чыккан учурда аткарылуучу иш аракеттерге, КПК ЖАКнун Саламаттыкты, айлана-чөйрөнү жана коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн куткаруу кызматы, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматынын кызматкерлери, техникалары жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда, ишканада эмгектенген жумушчуларды атайын белгиленген коопсуз жайга көчүрүп чыгуу, өрт учурунда жабыркаган адамдарды куткаруу жана алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүү, ошондой эле өрт каптаган аймакты өз учурунда өчүрүү боюнча окуу өткөрүлдү.