rus
eng
О компании Безопасность и экология Динамика цен на продукцию Для Клиентов и Партнеров
Новости
«КПК» ЖАКда эмгектенген айымдар. Сиздерди 8-март бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Урматууу «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунда эмгектенген айымдар. Сиздерди 8-март бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Бул майрам 1910-жылы Клара Цеткиндин сунушу менен Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын Эл аралык конференциясында «8-март бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык майрамы» катары кабыл алынган. Ошол убактан тартып, аялзатынын жана жаз майрамы катары өзгөчө белгиленип келүүдө.

Сиздерге жаздын алгачкы күндөрү менен бирге жаркырап кирип келген майрамыныздар сиздер үчүн бакты, таалай, чың ден соолук, узун өмүр алып келсин. Ошондой эле үй бүлөңүздөрдө, ишиниздерде жеке жашоонуздарда ар дайым жакшылыктар жана  ийгиликтер коштоп, жаз гүлүндөй жаркырап, жүзүңүздөрдөн кубаныч күлкү кетпесин.

Дагы бир жолу майрамыныздар менен.

Сиздерди терен урматтоо менен.

«Кыргыз Петролеум Компани»

ЖАКнун  президенти Н.Б. Максутов