“Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК Президенти Байгазы Матисаков Энелер күнү менен куттуктады

№ конкурса 230405-42
05.04.2023
«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчөсү болду
23.05.2023

Кадырлуу энелер!
Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызда энелерди урматтап-сыйлоо эзелтен берки калыптанып келген ыйык милдет. Энелер – жашообуздун жарыгы, үй-бүлөнүн бекемдигин ширелткен уюткусу, жалпы журтубуздун улуу куту. Келечек муунду мекенди сүйүүгө, патриоттук сезимин калыптандыруу эне мээриминен жана тарбиясынан башталат. Эртеңкинин татыктуу келечегин түзө турган балдарды тарбиялап-өстүрүп жаткан апаларга терең ыраазычылык билдирем. Коомубузда орду өзгөчө бийик энелер, Кыргызстаныбызды ар тараптан өнүктүрүүгө дайым талыкпаган эмгегин арнап келет. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК мунайды кайра иштетүү заводунда
үзүрлүү иштеп, өнөр жай тармагына зор салымын кошуп жаткан энелерибиз бар.
Урматтуу Энелер, майрамыңыздар менен! Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм!

Русский