«Кыргыз Петролеум Компани»
«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому Кыргызстандагы мунай продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири болуп саналат, компаниянын 100% акциясы «Кыргызнефтегаз» ААК таандык. Компания мунайдан жана башка сырьедон мунай продуктуларын өндүрүү менен алектенет жана кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтөт. Учурда ишкана продукциянын 3 түрүн чыгарат: бензин, дизель майы жана мазут.
28
лет на рынке
210
Сотрудников
500000
Переработка нефти(в год)
Тарых
1995Биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуу
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому менен «ПетроКыргызстан» (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлдү.6.10.1996Салтанаттуу ачылыш
Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, өз мөөнөтүндө – 1996-жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. КПК ЖАК нефтини кайра иштетүүчү заводу 1996-жылдын 6-октябрында салтанаттуу түрдө ачылган.1998-2001Техникалык жакшыртуулар
1998-2001-жылдары өндүрүлгөн бензиндин октандык көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн заводдо жаңы техникалык өркүндөтүүлөр жүргүзүлгөн.