Кызматкерлер үчүн кичи футбол аянтчасы курулуп жатат
08.09.2023Карысы бардын – ырысы бар!
01.10.2023“КПК” ЖАК кызматкерлери кырсыктардын тобокелин азайтууга багытталып өткөрүлгөн иш-чарага катышты. 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү. Ага карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү уюштурулуп, облустагы Жарандык коргонуу кызматтары тартылды. Машыгуунун максаты – ар кандай кырсыктарды азайтуу жана өзгөчө кырдаал учурунда көрүлө турган күжүрмөн даярдыктарды текшерүү.
Бул иш-чара “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын адистери үчүн маанилүү болуп эсептелет. Себеби мунай завод кооптуу өндүрүш категориясына киргендиктен, коопсуздук биринчи орунда турат жана тобокелдик факторлору өз учурунда эске алынат. Өткөрүлгөн мындай машыгуу кызматкерлердин тажырыйбасын арттырат.