Кырсык тобокелдиктерин алдын алуу
08.09.2023“Кыргыз Петролеум Компани” Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына башкы демөөрчү болду.
22.10.2023Кыргыз эли эзелтеден бери карыларын урматтап, аяр мамиле жасап келген калк. Аксакалдуу аталарыбыздын коомдогу ээлеген ролу зор. Элибизде айтылып келген “карынын сөзүн капка сал” деген улуу сөздүн өзү терең маанини түшүндүрөт.
Тарыхыбызда аксакалдардын орду өзгөчө болгону баарыбызга маалым. Маанилүү мамлекеттик маселелер аксакалдарыбыздын акыл-насааты, кеп-кеңеши менен чечилген. Кыргыз журту башына кыйын күн келген учурда карыялары менен акылдашып иш кылган. Коомдук өнүгүүнү туура жолго салууда, өлкө келечегин аныктоодо аксакалдарыбыздын орду эбегейсиз чоң болуп келген жана мындан ары да боло берет. Кадырлуу карыялар, сиздер жашоонун түрдүү даамын татып, оош-кыйыш кыйынчылыктарда ак-караны ажыратып, руханий дөөлөттөрдү ыйык тутуп, келечек муунга өткөрүп бергениңиздер баалангыс байлык.
Улгайган улуу муунадарыбызга татыктуу жашоо шартын түзүү – азыркы муундун милдети жана ыйык парызы. Кадырман карыялар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен жеке өзүмдүн жана “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын эмгек жамаатынын атынан куттуктайм! Бекем ден соолук, бакубаттуу өмүр каалайм. Элибиздин көркү, үйүбүздүн куту, ак батанын ээси болуп жүрө бериңиздер!
Ардактуу аксакалдуу аталар, майрамыныздар менен! Урматым менен, “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун президенти Байгазы Матисаков.