“Кыргыз Петролеум Компани” Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына башкы демөөрчү болду.
22.10.2023Спартакиада-2023
01.12.2023Урматтуу мекендештер!
7-8-ноябрь өлкөбүздө маанилүү дата катары калыптанып, тарыхты жана ата-бабаларды эскерип келебиз. Элибизде: “тарыхы болбой, эл болбойт” деген таамай айтылган сөз бар. Тарыхын билген эл келечекке жол салат.
Кыргыз тарыхы өзүнө миңдеген жылдарды камтыган, түрдүү окуяларга бай, уюткулуу эл экенин тастыктап келет. Дүйнөдө эл катары сакталып, бирок улуту, эгемендүү өлкөсү жок нечендеген элдер бар. Биз тарыхыбыз жана тарыхый инсандарыбыз менен сыймыктанабыз. Ата-бабалардын көрөгөчтүгү, акылмандыгы, баатырдыгы менен улутубуз сакталып, көз карандызысыз өлкө катары түптөлдүк жана таанылдык. Эгемендүүлүк жылдарында да кыргыз өлкөсү катаал тарыхый окуяларды башынан өткөрдү. Кадырман журтташттар! Мекенди көздүн карегиндей сактап, ата-бабалар аздектеп бизге тапшырган дөөлөткө аяр мамиле жасап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү жалпыбыздын ыйык милдетибиз. Өлкөбүз ар дайым бүтүн болсун, элибизге бейпил жашоо тилейм!
Сиздерди 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайм!