Орозо – кечиримдүүлүктүн жана берешендиктин айы.
11.03.2024Экологияны жакшыртуу-ар бирибиздин милдетибиз!
28.03.2024“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому нефти продукцияларын өндүрүү менен гана чектелбестен, келечектеги кесип ээлерин даярдоого салымын кошуп келет. Нефти жана газды иштетүү багыты боюнча орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттерин жыл сайын кабыл алып, болочоктогу адистер заводдо өндүрүштүк практикаларын өтөшөт.
Студенттер окуу жайда теориялык окуп-билгенин мында келип иш жүзүндө айкалыштырып, тажырыйбалуу кызматкерлерден үйрөнүп, практикалык билимин өркүндөтүшөт. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кочкор-Ата колледжинин мунай жана газды кайра иштетүү адистигинин студенттери ушул мезгилде “КПК” ЖАК мунайды кайра иштетүүчү заводунда практикада жүрүшөт.
Дасыккан адис, көп жыл бою мунай заводдун нөөмөт башчысы болуп эмгектенген Мурат Төрөевдин айтымында, студенттер практикалык билим алууда олуттуу мамиле жасоо зарыл. Себеби, өндүрүштүк практика окуу процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Практика жаш адисти келечектеги кесибинде өзүн табууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Мурат Төрөев кошумчалгандай, практикага келген ар бир студентке завод адистери жеткиликтүү жана комплекстүү түшүндүрмө берүүгө аракет кылат.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз Петролеум Компани” өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк завод болуп саналат. Түптөлгөнүнө 30 жылга чукулдаган мунай завод нефтиден 3 түрлүү продукция чыгарат: алар – бензин, дизель жана мазут.