Көзөмөл-өткөрүү пункту жаңыланды
02.07.2024Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салды
29.09.2024«Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт тактикалык машыгуу болду. Мындай иш чара пландык түрдө ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.Өрт тактикалык машыгуу сценарий боюнча күйүүчү зат сакталган 302- резервуардан өрт чыкты. Аны байкаган кызматкер дароо заводдун башкы көзөмөлдөө бөлүмүнө маалымдады. Өрт сиренасы аркылуу тревога көтөрүлүп, ыкчам өрт өчүрүү кызматына кабар берилди. Ошол эле учурда заводдун өрткө каршы күрөшүү тобу тилсиз жоону өчүрүү аракетине киришти. Кырсыктын кесепетинен бир кызматкердин денеси күйдү. Жерине заводдун өздүк тез жардам унаасы жетип келип, медайым биринчи жардамды көрсөттү. Өрткө каршы күрөшүү кызматы атайын техникалар менен өз учурунда жетип келип, өрттү чектөөгө алып, өчүрдү.Өрт тактикалык машыгуу максатына жетти. Себеби, мунай заводдун өздүк курамы менен өрткө карыш күрөшүү кызматкерлери ыкчам аракетин жана мыкты даярдыгын көрсөттү. «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акцинердик коомунун президенти Байгазы Матисаков, мындай машыгуулар маанилүү экенин белгилеп, заводдун кызматкерлери үчүн чоң тажырыйба болоорун кошумчалады. Бул сыяктуу машыгуулар өрткө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте байма-бат өткөрүлүп, тыгыз кызматташуу улантыла бермекчи деп билдирди.Белгилеп кетсек, «Кыргыз Петролеум Компани» өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү ири завод болуп саналат. Заводдун өрткө каршы күрөшүү даярдыгы талапка толук жооп берет. 1400 куб суу сактоочу резервуары бар, 3 тонна көбүк ар дайым даяр турат. 23 суу гидранты коюлган.