
АВТОПАРК ТОЛУГУ МЕНЕН ЖАҢЫЛАНДЫ
27.12.2024
Мунай заводду модернизациялоо иштеринин жүрүшү боюнча акционерге маалымат берилди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомуна “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү келди. Заводду модернизациялоо боюнча иш алып барган “КПК” ЖАКтын жумушчу тобу жасалып жаткан жумуштар тууралуу кеңири маалымат берип, алдыда пландалган иштерге токтолду. Жумушчу топтун берген маалыматы боюнча, иштин аткарылышында графиктен кечигүү жок, пландалгандай жүрүп жатат. 2024-жылы 11 даана даяр нефти продукциясы сакталуучу резервуардын пайдубалы курулган. “КНГ” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жыйында кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Андан соң курулуш иштери жүрүп жаткан аймакка барып, жеринен көрүп чыгышты. Мунай заводду модернизациялоону аяктоо мөөнөтү келишим боюнча 2027-жылдын соңуна чейин деп белгиленген. Заводду дүйнөгө бегилүү болгон SPEC ENGINEERING INC компаниясы модернизациялап жатат. “КНГ” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү аталган компаниянын тиешелүү өкүлдөрү менен жеринде жолугуп, кошумча маалымат алышты. Белгилеп кетсек, заводду модернизациялоого үч тараптан каражат каралган. Мамлекеттен, инвестор катары SPEC ENGINEERING INC компаниясы жана “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бөлгөн.









