
Ардагерлер ардактуу эс алууга узатылды
30.12.2025Бул майрамга карата «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунда айымдарга ишкананын атынан чакан белек катары идиш-аяк топтому, ошондой эле мырзалардын жеке атынан кошумча белектер тапшырылды. Майрамдык белектер айымдарга иш үстүндө берилип, бул аркылуу жамааттагы ар бир айымга болгон өзгөчө көңүл буруу жана терең урмат-сый экени көрсөтүлдү.
Урматтуу айымдар, сиздер биздин жамааттын көркү, ишибиздин берекеси жана дем-күчү болуп келесиздер. Ишке болгон жоопкерчилигиңиздер, эмгекчилдигиңиздер жана жылуу мамилеңиздер менен ишканабыздын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатасыздар. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик жана ар дайым жаздай жаркыраган маанай каалайбыз. Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бакыт-таалай сиздерди коштоп жүрсүн!
Майрамыңыздар менен куттуктайбыз!















