
8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!
08.03.2026“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев жана директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводунда жүрүп жаткан модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
«КПК» ЖАКтын президенти Сейитбек Ташбаев жана заводду модернизациялоо боюнча иш алып барган атайын жумушчу топ аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Белгилүү болгондой, жумуш бекитилген графиктен артта калган жок, өз нугунда. Учурда заводдун аймагында жер иштери долбоордук документацияга ылайык пландуу түрдө уланууда. Мунай сактоочу бардык резервуарларда чатыр иштери толук аяктап, тосмолорду куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аба менен муздатуучу жабдуулар орнотулуп, технологиялык түзүлүштөрдү монтаждоо иштери активдүү улантылууда.
Жумуштун жүрүшү менен жеринен таанышкан Самсаалы Четимбаев, курулуш иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү зарылдыгын баса айтып, заводдун өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу мааниси чоң экенин белгиледи. Мындан тышкары, бир катар маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Модернизация иштери толук аяктагандан кийин, завод Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттерине ылайык, К-4 жана К-5 үлгүсүндө, АИ-92, АИ-95 күйүүчү майларды өндүрө баштайт.














