
“Кыргыз Петролеум Компани” Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына башкы демөөрчү болду.
22.10.2023
Келечектеги кесипкөй адистерди даяроодо мунай заводдун ролу чоң.
11.03.2024“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунда спортко өзгөчө көңүл бурулат. Мунайды кайра иштетүү заводунун кызматкерлери жыл ичинде эки ирет мелдеш уюштурат. Күзгү оюндарга карата бөлүмдөр арасында спорттун 15 түрүнөн мелдештер өткөрүлдү. Эмгек жамаат спорттук иш-чараларда активдүүлүгүн көрсөтүп келет.
Бул жылы жумушчулурга жагымдуу шарт түзүлдү. Анткени «КПК» ЖАКта жаңы футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Футбол, волейбол, аркан тартыш, таяк тартыш, гира көтөрүү жана башка оюн түрлөрүнөн күч сынашып, жеңип чыккан командалар жетекчиликтен гран-при, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланды.





