
«Кыргызнефтегаздын» жетекчилиги мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жумуштары менен таанышты
01.04.2026
Бишкектеги «Жаштык Аренада» өткөн «Кыргызстан ЭКСПО — 2026» жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN — 2026 ири көргөзмөлөрүнө ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер, инвесторлор катышты.
Иш-чарага «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому да өнөктөш катары кошулуп, өзүнүн ишмердүүлүгү менен келечектеги өнүгүү пландарын сунуштады. Көргөзмөнүн алкагында компания чет элдик жана жергиликтүү өнөктөштөр менен жолугушуп, биргелешип иш алып баруу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Мындай эл аралык аянтчалар тажрыйба алмашууга, жаңы байланыштарды түзүүгө жана өндүрүш тармагын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Компания мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга активдүү катышууну улантарын билдирди.














