2023-жылдын жыйынтыгы боюнча акционердик жыйын
30.04.2024“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сафин Гаффандын үй-бүлөсүнө барып, ардагердин байбичесинен кабар алды. Гаффан ардагер үстүбүздөгү жылдын март айында 99 жашында дүйнө салган. Ал Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун көзү тирүү жалгыз ардагери болчу. Байбичеси Сафина Ханифа учурда 85 жашта, баскан-турганы тың. Улуу Жеңиш майрамынын урматына ардагердин байбичесине “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы тарабынан материладык жардам катары акчалай колдоо көрсөтүлдү.